Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды

26.08.2021 14:29
628
Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды

КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 24-августунда КР УКМК тарабынан кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 326 -беренесинин 1-бөлүгүндө "Пара талап кылуу" фактысы боюнча, пара алып жаткан учурда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн инспектору «А.Б.Д.» кармалды.


Тактап айтканда, "К.З." аттуу жарандын арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө мурда "Б.Ж." аттуу жарандан кайрылуу келип түшкөн, анын негизинде "А.Б.Д." инспекторлор тарабынан кайрылууда айтылган фактылар текшерилди. Ошол эле учурда «А.Б.Д.» арызданган «К.З.» аттуу жарандан текшерүү материалдарын прокуратурага өткөрүүдөн баш тартуу үчүн 20 000 сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган. 


Кармалган «А.Б.Д.» Каракол шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

  Учурда тиешелүү тергөө иш -чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн