Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аккулу Бердиев 3 депутаттын кол тийбестиги тууралуу: Алардын башына оор иш түшүп турганда тепкилебейли

01.12.2021 13:52
891
Аккулу Бердиев 3 депутаттын кол тийбестиги тууралуу: Алардын башына оор иш түшүп турганда тепкилебейли

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин үч депутаты Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн кийинки чакырылышка калтырууну сунуштады.


Анын айтымында, азыр депутаттардын башына оор иш түшүп турат.

"Мурда Асылбек Жээнбековдун кабинетине кирип чыккандар өзүн бактылуу сезет эле. Азыр башына иш түшүп турганда КСДП да, башкасы да, баары качып кетти. Жардам берейин деген эч ким жок. Ошондуктан бул маселени алдыда келе турган жаңы депутаттарга эле калтыралы. Мен ал киши менен саламдашкан да, чай ичишкен да жокмун. Кандай болбосун мусулманчылыкка караганда "кечээ ким элең, бүгүн ким болдуң" деген сөз бар. Алар да кудайдын пендеси, башына оор иш түшүп жатат. Жыгылган адамды тепкилеген болбойт", — деди Бердиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн