Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Акматбек Келдибеков Садыр Жапаровго каршы иштей баштадыбы?

09.12.2020 16:31
3370
Акматбек Келдибеков Садыр Жапаровго каршы иштей баштадыбы?


Экс-спикер Акматбек Келдибеков 2011-жылга чейин Садыр Жапаров менен мамилеси жакшы болгон. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибековдор “Ата Журт” партиясын баштап, ошол кездеги шайлоодо биринчи орунду камсыз кылган эле. Кийинчерээк Келдибеков бул “бригададан” четтеп кеткени байкалган.


Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин аны колдоп чыккан адамдардын митингдеринде да Акматбек мырза көрүнгөн эмес. 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Жапаровдун “жылдызы жанганда” да Келдибеов аны жандабады.  


Акыркы кездери болсо Акматбек Келдибековго тиешелүү делген “Нур” телеканалы Садыр Жапаровду сынга алган адамдарга көбүрөөк эфир берип, президенттик шайлоонун астында ага каршы иштеп жаткандай. Буга 8-декабрда аталган каналдын президенттикке талапкер Арстанбек Алайдан маек алганы далил боло алат. Бул берүүдө Арстанбек мырза “Садыр Жапаров президент болбойт” деп сүйлөгөнүн байкоого болот. Муну менен Келдибеков тымызын Садыр Жапаровго каршы иштеп жатат деп бүтүм чыгара берсек болобу? Эгер андай болсо саясатта өз орду бар Акматбек мырза 10-январда кимди колдойт болду экен? 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Медет
НУР ТВ баскан турганын Акматбек менен кенешип иш кылат деп ойлосонуз терен жанылышасыз.