Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Акматбек Келдибеков Ташиевге: "Оор мезгилде биз сиздер менен биргебиз"

22.07.2020 11:32
1956
Акматбек Келдибеков Ташиевге: "Оор мезгилде биз сиздер менен биргебиз"


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Акматбек Келдибеков досу, коомдук ишмер Камчыбек Ташиевге бир тууган агасы Каныбек Ташиевдин мезгилсиз дүйнөдѳн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.



Оор жоготуу. Орду толгус жоготуу. Кайгыдан кабыргабыз кайышып турат. Бирок, Каныбек Ташиев кылымдардын кыйырын кырча басып келе жаткан кыргыздын тарыхында, жеке тагдырынан журт намысын жогору койгон, өзүн көрпенделик турмуштан бийик туткан, элдин келечеги үчүн, акыйкат үчүн, бийликтин адилетсиздиги үчүн күрөшкөн, көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган азаматтарыбыздын бири катары биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат, - деп жазды Акматбек Келдибеков социалдык тармактардагы баракчасында.



Ал белгилегендей, Каныбек Кыдыршаевич ажалга ыраа көрбөй турган асыл адам эле. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз, - деп кошумчалады саясатчы.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кутчуева Гульмира Төлөгөновна
Мен сиздерди колдойм,ушуга чейин колдоп келгемин.Менин сиздерге сунушум,сиздер колунда бар инсандар.Учурда мага Ош шаарынан 1 комнаталуу үй керек болуп жатат.