Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акрам Мадумаров Чүй облусунда жер тилкелердин абалы менен таанышты

10.09.2020 09:15
851
Акрам Мадумаров Чүй облусунда жер тилкелердин абалы менен таанышты


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө жээктерди чыңдоочу иштердин жүргүзүлүшүн талап кылган бир катар жер тилкелерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ал Кемин, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорундагы жер тилкелеринин абалы менен таанышты. 

«Болжол менен жээктерди чыңдоо иш-чараларын талап кылган 193 кооптуу тилке бар. Анын ичинен 1996-2019-жылдары 47 объект курулган, коргоочу курулуштардын жалпы узундугу 12603 метр саналат. Үстүбүздөгү жылы пандемияга жана бюджетик каражаттардын тартыштыгына байланыштуу жээктерди чыңдоочу иштерге финансылык каражаттар бөлүнгөн эмес», - деди ал. 

Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар багыттарды иштеп чыгуу, анын ичинде жээк чыңдоочу иштердин маселесин биринчи кезекте чечүүнү талап кылган жер тилкелеринин тизмесин, ошондой эле каржылоо булактарын аныктоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, чектеш аймактагы инерттик материалдарды казуучу жеке компаниялардын ишинин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү боюнча тапшырма берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн