Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Акрам Мадумаров Сох анклавындагы ок атуунун себептерин түшүндүрдү

06.05.2020 14:02
883
Акрам Мадумаров Сох анклавындагы ок атуунун себептерин түшүндүрдү


Депутат Руслан Казакбаев Баткен облусунда Кадамжай районунун тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын жашоочулары ортосундагы жайыт талаш маселеси кандай чечилип жатканына кызыкты.  


Ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдагандай, чек арачылар тарабынан ок атылып, Сох анклавынын жашоочулары нааразычылыкка чыгып жатканы тууралуу ЖМКда кабарлар айтылып жатат. “Мына ушул маселе тууралуу маалымат берсеңиз” - деп кайрылды депутат.


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун айтымында, Сох району менен Кадамжай районунун аймагында чек арачылар менен элдин ортосунда чыр чыккан. Сохтун тургундары Кадамжайга тиешелүү жайлоого мал жайып чыккан. Буга чейин Өзбек тарап жайыт пайдалануудан баш тарткан болчу, ошондуктан азыр жайыттар боюнча келишим жок. Буга байланыштуу кыргыз чек арачылары тарабынан кайра артка кайтуу тууралуу берилген талапка баш ийбестен Сохтун тургундары чек арачыларга таш ыргытышкан.


“Ошол маалда эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан. Андан кийин анан Сох эли өз аймагына кирип кетишкен”, - деди ал.


Вице-премьер кошумчалагандай, жеринде аскер кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда абал турукташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн