Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Акрам Мадумаров Сузактагы кырдаал менен таанышып жүрөт

19.03.2020 17:39
596
Акрам Мадумаров Сузактагы кырдаал менен таанышып жүрөт


Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирген. 


Вице-премьер-министр райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, бир катар чектөөлөр киргизилген Благовещенка, Орто-Азия, Бостон калктуу аймактарына барды. Акрам Мадумаров коомдук коопсуздукту камсыздоо шарттары, орнотулган 19 өткөрмө пункттун  иши менен таанышты. 


Ал коронавируска кабылган үч кыргызстандыктын саламаттыгы тууралуу медицина кызматкерлери менен сүйлөштү.


Мындан тышкары вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында облустук штабдын жыйыны өттү. Облустук түзүмдүк мамлекеттик органдардын жетекчилери жасалып жаткан иштер боюнча отчет беришти. Жыйындын акырында калктын саламаттыгын сактоо боюнча бир катар тапшырмалар коюлду. 


Сузак районун эли киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылууда, деди вице-премьер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн