Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу убактылуу стационарларды көрдү

04.07.2020 11:10
1127
Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу убактылуу стационарларды көрдү


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койко-орундар ачылган убактылуу стационарларды барып көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Атап айтканда, өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштей турган убактылуу стационарлар №1 интернаттын (150 орун), «DISCOVERY» мейманканасынын (30 орун) жана Азиз жана көрүүсү начар балдар интернатынын (80 орун) базасында ачылган. Мындан тышкары, дарыгерлерден жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган 6 тез жардам унаасы түзүлүп, чакыруулар боюнча жөнөп кетишти.


Белгилесек, өлкө аймактарынан келген медициналык кызматкерлер гигиена жана санитардык нормалардын талабын аткаруусу туралуу келишим түзүп, алардын айлык акысы мыйзамга ылайык, төлөнүп берилет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн