Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:29
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Акрам Мадумаров суу сактагычтарга сууга түшүүгө тыюу салып, эс алууда этият болууга чакырды

23.06.2020 16:47
1119
Акрам Мадумаров суу сактагычтарга сууга түшүүгө тыюу салып, эс алууда этият болууга чакырды


Суудагы коопсуздукту камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гана эмес, бардык кайдыгер эмес жарандардын милдети. Мындай пикирин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров суудагы коопсуздукту сактоо маселелери боюнча кеңешмеде билдирди. 


«Жайдын келиши менен ачык көлмөлөрдө эс алгандардын саны өстү. Бул ар бир адам үчүн чоң тобокелдиктерди алып келет. Көлмөлөрдүн бардыгында эле ченемдер сакталбайт, ал эми айрымдары таптакыр эле кароосуз калган. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети – жарандарыбыздын мүмкүн болушунча коопсуз эс алуусун камсыздоо. Мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлөт жана өткөн жылы кетирилген кемчиликтерди четтетүү көп убакытты албашы керек», - деди Акрам Мадумаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-январынан 23-июнга чейин республиканын көлмөлөрүндө ар кандай себептерден 35 адам чөгүп кеткен. 

Акрам Мадумаров ачык көлмөлөргө жакын жерлерде көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле суу сактагычтарга сууга түшүүгө толук тыюу салууну, сууда этият болуу чаралары тууралуу маалыматтык кампанияны активдештирүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн