Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:59
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аксакалдын видеосун интернетке жарыялайм деп 40 миң доллар талап кылган жаран кармалды

03.05.2023 12:19
273
Аксакалдын видеосун интернетке жарыялайм деп 40 миң доллар талап кылган жаран кармалды

 Аламүдүн районунда опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-апрелде милицияга 76 жаштагы жаран кайрылып, Б.У. аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын арызында айтылгандай, шектүү 2023-жылдын апрель айынан бери массалык маалымат каражаттарына терс мазмундагы видеону жарыялайм деп коркутуп келген. Видеону жарыялабоо үчүн 40 миң доллар талап кылып, анын 37 миң 300 долларын алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү 2700 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

33 жаштагы Б.У. социалдык тармактарда транспорт каражаттарын техникалык кароо чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча материалдарды активдүү жарыялап жүргөн. Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн