Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулунун өлчөмү көбөйтүлдү

12.02.2024 13:31
179
Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулунун өлчөмү көбөйтүлдү


Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген көбөйтүлгөн жөлөк пулду 2024-жылдын 5-февралынан тартып ала башташат.

"Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн