Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:04
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Аксы районунда өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жаран кармалды

28.05.2024 12:38
632
Аксы районунда өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жаран кармалды


Жалал-Абад облусунун Аксы айылында Аксы районунун кримавторитети делген адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, КР УКМКнын дарегине 1967-жылы туулган Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн, мурда бир нече жолу соттолгон (каракчылык жана опузалоо) К.Р.К аттуу жаран 2023-жылдын октябрында биргелешкен бизнес жүргүзүү шылтоосу менен ишкерлердин ишенимине кирип, алардын 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражатын ээлеп алгандыгы боюнча ишкерлерден кайрылуулар келип түшкөн.


Ошол эле учурда, аталган жаран өнөктөштөрдүн кенде көмүрдү биргелешип өндүрүү жана сатуу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерин эртерээк аткаруу өтүнүчүнө жооп кылып, физикалык күч колдонуу менен коркуткан. 2024-жылдын 22-майында кылмыш ишинин алкагында К.Р.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда кармалган жарандын Жалал-Абад облусунда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. 


Атайын кызмат К.Р.К. тарабынан зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жана 0995 012210 (WhatsApp) ишеним номурларына кайрылууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн