Аксы районунда 12 жаштагы бала Чоң-Наманган каналына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү саат 17:00 чамасында 2008-жылы туулган эркек бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
22-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Бүгүн, 23-июль күнү издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн