Аксы районунда 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
“2005-жылы туулган кызын телефон аркылуу таанышкан бала зордуктап кетти деген арыз менен Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну милицияга арызы менен кайрылган. Шектүү катары 19 жаштагы жигит кармалды”, - деди маалымат катчы.
Аталган факт 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши
жүрүп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн