Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Аксыда 5 миң долларды коркутуу жолу менен талап кылган жаран кармалды (видео, фото)

24.03.2021 16:35
2682
Аксыда 5 миң долларды коркутуу жолу менен талап кылган жаран кармалды (видео, фото)


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ушул жылдын март айынын ортосунда кылмышкерлер жергиликтүү жашоочудан 5000 АКШ долларын коркутуу жолу менен талап кылышкан. Бул факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.


Опузалап талап кылгандар жергиликтүү тургунга жолугушууну айткан. Алар айткан жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келген. 2021-жылдын 21-мартында Аксы районунун аймагынан опузалап талап кылган акча каражатынан аз суммадагы 25 миң  сомду алган жеринен шектүү кармалган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусу 1990-жылы туулган Ж.Т. экендиги аныкталды.


Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармоо учурунда шектүүнүн автоунаасынан далил катары эсептелген акча каражаты табылып алынды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн