Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 69 жаштагы кишинин сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июнь күнү саат 20:36 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагынын Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин табылган.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн