Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:40
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Аксыда 7 адам Сибирь жарасын жуктурууга шектелип, ооруканага түштү

10.09.2021 10:44
1002
Аксыда 7 адам Сибирь жарасын жуктурууга шектелип, ооруканага түштү

Жалал-Абаддагы Аксы районунда 7 адам сибирь жарасын жуктурууга шектелип ооруканада жатат. Бул маалыматты райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абсаматов тастыктады.


Анын айтымында, ооруканада жаткан 7 адамдын абалы жакшы.


«Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринен 6 адам ооруканага кайрылышкан. Жашоочулар 2-сентябрдан баштап сибирь жарасына шектелип ооруканага келе баштаган. Алар мал союп, ичеги-карынын кармаган экен. 5 адамдын анализи таза чыгып, 2 адамдын анализинен оорунун белгилер байкалган. Бейтаптарды дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп жатат», - деди ал.


Өздүк булактардын маалыматы боюнча, аталган айылдын башчысы да ооруканада жатат. Тургундар малды 24-августта союшкан. Ылаң чыккан айылда 7 уй өлгөнү маалым болду.


Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Райышбеков уйлар жерге көмүлгөнүн айтып: «7 баш кара мал өлдү. Аларды ветеринарлар келип текшерип, көмүп кетишти. Анализин алып кетишкен. Бирок ал малдар кандай оорудан өлгөнү аныктала элек. Анализдер текшерилгенде баары билинет», - деди.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн