Аксы районунда
12 жаштагы бала Чоң-Наманган каналына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү саат 17:00 чамасында 2008-жылы туулган эркек бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
23-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 11 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес. Туугандарынын катынын негизинде издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн