Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Аксыда элдин демилгеси менен 16 фильтрациялык пост орнотулду (фото)

29.04.2020 16:56
1070
Аксыда элдин демилгеси менен 16 фильтрациялык пост орнотулду (фото)


Аксы районунун аймагында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен бир катар айылдарда коронавирус илдетинин алдын алуу жана жайылышын токтотуу максатында кошумча 16 фильтрлөөчү пост орнутулган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Ошону менен бирге 2 обсервациялык пункт милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынган. Посттогу милиция кызматкерлери керектүү болгон бардык жеке коргонуу каражаттары, бет кап, кол кап, атайын костюмдар жана антисептиктер менен камсыздалган.


Аксы районуна кире турган унаа жолдорунда милиция кызматкерлери, медициналык кызматкерлер, ӨКМдин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган 4 санитардык-карантиндик пост иштеп жатат. Зарыл болгон коопсуздук эрежелердин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.


Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен коронавирус илдетинин алдын алуу жана жайылышын токтотууга тартылган милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүшүүдө. Милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана ички иштер органдарынын ардагерлерине азык-түлүк түрүндө – бир кап ун жана суу майын таратышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн