Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Аксыда ишкерге кысым көрсөткөн “положенец” жана УКТ мүчөлөрү кармалды (фото)

03.07.2020 10:52
1103
Аксыда ишкерге кысым көрсөткөн “положенец” жана УКТ мүчөлөрү кармалды (фото)


Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан бейбашттыкка шектүү болгон эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Аксы районунун жашоочусунан билдирүү түшүп, 2020-жылдын 26-июнунда белгисиз адамдар аны “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаага салып, киши жок жерге алып барып, сабап, денесине жаракаттарды келтиришкендигин маалымдаган. 


Бул иш криминалдык топтор тарабынан ишкерлерге кысым көрсөтүүгө байланыштуу болгондуктан, ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. 27-июнь күнү аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.


30-июнь күнү көрүлгөн чаралардын натыйжасында Чүйдүн аймагынан качып бараткан жеринен эки жаран кармалган.


ИИМдин маалыматына ылайык, кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1983-жылы туулган жашоочусу М.А. болот. Ал мурда соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, “положенец” криминалдык макамга ээ. Экинчи кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жашоочусу Т.М. болот.


Экөө тең убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Ушуларды бир приказ менен жок кылышып салышбайбы буга окшогон айбандар кутурду эшектерге окшоп