Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Аксыда кыздын айынан 17 жаштагы өспүрүм көз жумду

Аксыда кыздын айынан 17 жаштагы өспүрүм көз жумду


Аксы районунда кыздын айынан 17 жаштагы өспүрүмдүн көкүрөгүнө бычак сайылып, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Окуя 5-декабрда болгон. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип Авлетим айылынын 16 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Маалыматка ылайык, каргаша болгон күнү маркум кармалган жаранга келип, С. аттуу кыз менен сүйлөшүп жүрөсүңбү деп сураганда, ал терс жооп кайтарган. Бирок жашы жете электердин ортосунда жаңжал чыгып, маркум атаандашынын бетине урган. Шектүү бычакты алып чыгып, анын көрсөтмөсү боюнча кокусунан жигиттин көкүрөгүнө сайып салган. Ал канды байкап, жабырлануучуну ооруканага алып барган, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айсанат
Камалыш керек