Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аксыда өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо үчүн эскертүүлөр берилди

24.06.2020 09:12
1070
Аксыда өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо үчүн эскертүүлөр берилди

Аксы районунда табигый кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө.  Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Аксы РИИБ тарабынан өспүрүмдөр катышкан терс көрүнүштөргө жана кырсыктарга бөгөт коюу багытындагы иштер уюштурулуп, айыл жерлеринде түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелген каналдарга, чоң арыктарга, көлмөлөргө эскертүү тактайчалары орнотулду.


Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо үчүн ата-энелерди өз балдарын жөнү жок көчөгө чыгарбай, алардын жүрүм-турумун жана кайда жүргөнүн көзөмөлгө алууга чакырышты. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусунун алдын алуу багытында бир катар объекттер текшерүүгө алынып, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн