Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары өзбек тарап чек араны бузуп жатат деп кыргыз бийлигине кайрылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун тартып алган видеодон байкоого болот.
Тасмадан маалым болгондой, өзбек тарап кыргыз чек арасына кирип, трактор менен түтүк өткөрүп жатканын көрүүгө болот.
"Эй, эл-журт, чоңдор, чек араны карайсыңарбы? Булар кадам-кадам кирип келе жатат", - деди күбө.
Пикирлер (1)