12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, жети кишини агызып айылга чейин алып келген. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.
"Саат 22:00дө беш жарандын сөөгү табылды, экөө изделип жатат", - деди Султанмуратов.
Издөө иштерин ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн