Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аксыда үч адам ууланып каза болду

04.03.2021 11:08
951
Аксыда үч адам ууланып каза болду

Аксы районунда белгисиз затка ууланып үч киши каза болду. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү ички иштер бөлүмү тастыктады.


Маалыматка ылайык, 4-мартка караган таңда жарандар райондун борборундагы ооруканага бара жаткан кезде каза болгон. Дагы бир жаран ууланып, ал оор абалда ооруканада жатат.


Райондук ички иштер бөлүмү маркумдардын денесин медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кеткени айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн