Аксы районунда жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунда 9-июнда саат 18:20 чамасында кыска мөөнөттүү жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Кербен шаарынын Ак-Дөбө жана Күлүк-Дөбө айылдарында, Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак жана Өлөн-Булак айылдарында чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирилген. Турак үйлөр жана жолдор жабыркаган эмес.
Ал эми тактоо иш-чаралары бүгүн, 10-июнь күнү улантылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн