Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аксыда жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен. Анын колу-башын иттер чайнап салган

Аксыда жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткен. Анын колу-башын иттер чайнап салган

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылган. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмү маалыматты тастыктады.


Бүгүн, 12-март күнү облустук милиция бул окуя боюнча маалымат таратты.


"10-март күнү Аксы РИИБине Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынан эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы кабарлаган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгып кароо жүргүзгөндө эркек ымыркайдын жансыз денеси жылаңач, бети жана колдору жарым-жартылай тытылган абалда табылган.

Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ministr
өмүр бою кор болсоң экен,ким таштаса да