Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аксыда жеке ишкер 100 тонна ун менен медициналык каражаттарды элге таратууда (фото)

22.03.2020 16:31
4329
Аксыда жеке ишкер 100 тонна ун менен медициналык каражаттарды элге таратууда (фото)


Аксы районунда белгилүү жеке ишкер, меценат элге 100 тонна ун, беткаптарды жана вирустан сактануучу каражаттарды таратып жатканын биздин реакцияга жергиликтүү тургундар кабарлады. Алардын айтымында, коронавирус дарты өлкөгө жайылып, элдин башына оор күн түшүп жатканда райондон чыккан кайрымдуу ишкер аларга кол сунган.


 “Биз мындай кайрымдуулук ишти элге кабарлоону сунуштаганда жардам берген уулубуз андан баш тартты. Жөн гана кабыл алып коюуну суранды. Сиздердин редакция аркылуу ага ыраазычылык билдиргибиз келди”, - дейт ал.


Белгилей кетсек, 22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок. Буга чейин COVID-19 вирусун жалпысынан 14 адамдан табылган. Алардын сегизи Сузак районунда, үчөөсү Ноокат районунда, Бишкекте экөө болсо, Баткен районунда бир адам ооруну жуктуруп алган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн