Жеке ишкер Каныбек Туманбаев Аксы районунун элине гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын маалыматында, жергиликтүү калкка жалпы 150 тоннаны түзгөн 3 миң кап ун жана 6 тонна тамак-аш майы гуманитардык жардам катары берилди. Мындан тышкары алдыда акчалай жардам берилери убадаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Каныбек Туманбаев Аксы элине медициналык коргонуучу каражаттарды жана ири көлөмдө азык-түлүк таратканын тургундар кабарлашкан эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн