Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аксыдагы уулануудан 6 киши каза болуп, уулануунун себеби айтылды

04.03.2021 13:48
1449
Аксыдагы уулануудан 6 киши каза болуп, уулануунун себеби айтылды

Аксы районунун  Кара-Суу айылында ууланып каза болгондордун саны 6га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүү министрлиги билдирүү тартты. 


Министрликтин маалыматына ылайык,массалык уулануу сууга аралаштырылган спирт ичимдигинен болгон. Ошондой эле санитардык-эпидемиология кызматкерлери салат жана бешбармакты да изилдеп жатат.


"Бүгүн, 4-мартка карата таңкы саат 03:00дөн саат 04:30га чейинки аралыкта Аксы районундагы аймактык ооруканасына 4 жаран кайрылган. Алардын үчөө көрүлгөн чараларга карабай каза болуп, бир бейтап дарыланууда. Абалы орто оор. Мындан тышкары дагы 3 жаран үйүндө каза болгон. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалымат боюнча, 2-мартта саат 13:30дан саат 16:30га чейинки аралыкта Кара-Суу айлынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, бешбармак жана сууга аралаштырылган спиртти ичишкен. Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет",- деп билдирди министрликтен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн