Бугу 02, 2024
Убакыт: 00:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Актер Алайбек Тойчубеков "Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси" менен сыйланды

29.02.2024 16:38
2026
Актер Алайбек Тойчубеков "Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси" менен сыйланды


Кино актер Алайбек Тойчубеков "Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси" менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты министр Алтынбек Максутов тапшырды.

Тойчубеков Алайбек Жанибекович 1971-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.

М.С. Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында (институту) билим алган. 1993-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргызстанга кайтып келип, Караколдогу драма театрда иштеп баштаган.

Андан соң ишин Россияда улантып, Россиянын бир катар кино жана телесериалдарында 70тен ашык ролду жогорку чеберчиликте аткарган.

Учурда ал Кыргызстан менен Россиянын Роскызматташуусунун алкагында Россия мамлекеттик академиялык Кичи театрынын алдындагы М.С. Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайында (институту) “Актёрдук чеберчилик” багыты боюнча билим алып жаткан кыргыз студенттеринин жетекчиси (кыргыз тайпасынын куратору) болуп эмгектенет.

Аталаган төш белги Алайбек Тойчубековго искусство тармагында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого жана талантуу жаштарга чыгармачыл багыт көрсөткөн эмгегин эске алуу менен тапшырылды.

Алайбек Тойчубековдун аты Кыргызстанда көпчүлүккө белгилүү болбогону менен ал Россиянын кино дүйнөсүн багындырып жүргөн таланттуу кыргыз актерлорунун бири.

Чыгармачыл карьерасында көптөгөн образдарды жаратып, белгилүү орус тасмаларында атактуу актерлор менен иштешип келет. Мисалы: Марат Башаров, Лев Дуров, Юрий Назаров, Анна Снаткина, Дмитрий Нагиев, Андрей Панин, Александр Домогаров, Ф.Добронравов. А .Гуськов, А.Мерзликин жана А.Петров ж.б. менен чогуу иштегени белгилүү.

Ермак (1996),Сатисфакция (2005), Сталин. Live (2006). “София”, “Морозова” Интерны (2012) сындуу бир катар белгилүү тасмаларда тартылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн