Активист Бекзат Өмүрбеков милициянын мурдагы кызматкери Жалил Атамбаевди жоопко тартууну талап кылды.
Өмүрбековдун айтымына караганда, Жалил Атамбаев Ош шаарында сейил бактын жерин 49 жылга ижарага алып анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курган.
Көп кабаттуу үйдөн бөлүп төлөө системасы менен үйлөр сатылган.
"Жабырлануучу Жалил Атамбаевге таандык делген көп кабаттуу үйдөн 42 миң долларга үй сатып алат. Ал бөлүп төлөө менен 38 миң доллар төлөгөн. Бирок 4 миң долларды төлөй албай калган үчүн аны үйдөн чыгарып салган",- дейт Өмүрбеков.
Бекзат Өмүрбек аталган иш боюнча президент жана УКМК башчысына кайрылып, чара көрүүнү талап кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн