Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Активист Өндүрүш Токтонасыровго тагылган айып угузулду

21.08.2023 12:42
386
Активист Өндүрүш Токтонасыровго тагылган айып угузулду


Активист Өндүрүш Токтонасыровго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты (жарашты) козутуу” беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди.


Анын айтымында, Өндүрүш Токтонасыров күнөөсүн мойнуна алган жок.


«Иш сотко өтө элек. Бүгүн иштин материалдары менен таанышуу үчүн бизди Ички иштер министрлигине чакырышты. Өндүрүш Токтонасыровго сыртка чыкпоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды», — деди Агзам Дүйшөналиев.


Эске сала кетсек, 30-майда белгисиз адамдар активист Өндүрүш Токтонасыровду унаага салып, алып кетишкен. Туугандары жана укук коргоочулар анын кайда экенин бир сааттан ашык биле алышкан эмес. Кийинчерээк милиция кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында аны суракка алып кетишкени белгилүү болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн