Парламенттик шайлоо өз учурунда өтүүсү керек. Мындай пикирди жарандык активист Мелис Эржигитов социалдык тармактардан билдирди.
Анын ою боюнча, шайлоо участкаларын мектептердин, бакчалардын жана университеттердин ичинде эмес алардын короолорунда, эки тараптан жел жүрүп турган жерлерге уюштурулуусун милдеттендирүү керек.
“Бул жумушту жасоого эч кандай тоскоолдук жок. Болгону гана БШК тиешелүү чечим кабыл алыш керек. Эч кандай кошумча акча каражат дагы кетпейт. Жергиликтүү бийлик болгону гана кошумча удлинителдер менен камсыз кылуусу керек”, - деп жазды Эржигитов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн