Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Активисттер Тажикстанды Эл аралык кылмыш сотуна берди

07.06.2021 08:05
1517
Активисттер Тажикстанды Эл аралык кылмыш сотуна берди

Кыргызстандын жай тургундарына аскердик агрессия менен басып киргендиги үчүн активисттер Тажикстанды Эл аралык кылмыш сотуна берди. Бул тууралуу Сания Токтогазиева Фейсбук баракчасына жазды.


 "Бүгүн, Рим статутунун 15-беренесинен пайдаланып, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын бийлигине каршы тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем",- деп билдирүү калтырган.


Эске салсак, 29-30-апрелде Баткенде тажик аскерлери Кыргызстандын тургундарына аскердик агрессия менен басып кирген. Окуядан 36 жаран каза тапкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн