Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акциздик маркасы жок 2910 тамеки таңгагы жана 760 бөтөлкө ичимдик аныкталды

16.04.2021 11:18
732
Акциздик маркасы жок  2910 тамеки таңгагы жана 760 бөтөлкө ичимдик аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.


Белгилүү болгондой, Ош облусунун Өзгөн районунан акциздик маркасы жок 2 миң 910 таңгак тамеки тартып алынды. Чүй облусунун Сокулук районунан лицензиясы жок алкоголдук продукция саткан дүкөн табылып, 760 бөтөлкө тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн