Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ак үй алдында өтө турган митингге чакырык салган жаран аныкталып, тергөө башталды

22.06.2020 17:48
1076
Ак үй алдында өтө турган митингге чакырык салган жаран аныкталып, тергөө башталды


WhatsApp мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өтө турган митингге чакырык салган 9 мүнөттүк аудио көчүрмөнү тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Алардын маалыматына ылайык, азыркы бийликти күч менен басып алууга аракет кылган бул аудио учурда Чүй облусунда жашап жаткан 1981-жылы туулган Балыкчы шаарынын Т.А. аттуу жараны экени Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан анык болду.


Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, аны кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн