Бугу 12, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аквапарктагы баланын өлүмүн эксперттик топ иликтейт

28.07.2021 11:11
555
Аквапарктагы баланын өлүмүн эксперттик топ иликтейт

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы баланы соруп, анын каза болгону маалымдалган.


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлашты. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын билдиришти.


Кечээ, 27-июлда "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн