Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды

29.12.2023 12:22
1230
Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды


Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.

Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же атаандашынын далысын жерге басып).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн