Токио-2020 Олимпиадасында эркектер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта күмүш медаль ээси Акжол Махмудов жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.
Акжол Махмудов финалга чыгып, кыргыз эли үмүт жеңишти камсыз кыла албаганына өкүнүп турганын белгиледи.
"Баары Кудайдын колунда эч качан андан ашыгын ала албайсың. Бирок биз бул жерге келүү үчүн канчалаган даярдыктан өткөнбүз.
Кыргыз элим чогулуп менден алтын үмүт кылып турган. Татыктуу күрөшө албай калдым.
Финалдан утулуп калып, азыркы сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Сүйүнөйүн десем дагы сүйүнө албай. Кайгырайын десем, ага деле себеп жок. Эң эле өкүнүчтүүсү ушунча күйөрмандарды, кыргыз элин чогултуп, жакшы күрөш, жакшы эмоция тартуулай албай койдум деп ойлойм.
Канчалаган эл эшикте, кээ бирлери сыналгыдан көрүптүр. Силердин ишеничиңерди актай алган жокмун. Бирок Айсулуу эже менен Мээрим күрөшүп утканына абдан кубандым. Анткени элдин бир аз болсо дагы көңүлү көтөрүлдү. Мен утулуп калсам дагы алар элдин маанайын көтөрдү. Жеңишке жалгыз жеттим десем өтө жаңылган болом. Бул жеңиш бүт кыргыз элимдики", - деди Олимпиаданын күмүш медаль ээси Акжол Махмудов.
Пикирлер (1)