Токио олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси грек-рим боюнча күрөшчү Акжол Махмудов болгариялык балбан Айк Мнацаканяндан жеңилиши боюнча билдирүү калтырды.
"Жөжөнү күзүндө санайбыз. Баары жакшы болот, баары алдыда. Биз талыкпастан өзүбүздүн жумушту уланта берели. Колдооңуздарга чоң рахмат!", - деп билдирүү жасады Акжол Махмудов.
Белгилей кетсек, 20-февралда Айк Мнацаканян менен Акжол Махмудов жарым финалда кез келген. Болгариялык балбан беттешти агрессивдүү түрдө өткөрүп, ага эч кандай эскертүү алган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн