Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Акжол Махмудов чемпион. Азия чемпионатында Акжол Махмудов экинчи жолу чемпион болду

19.04.2022 17:38
542
Акжол Махмудов чемпион. Азия чемпионатында Акжол Махмудов экинчи жолу чемпион болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Махмудов 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгач ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.


Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашты. Кореялык балбан Акжолдун далысын жерге басып жеңип алганга аз калды. Бирок Махмудов тырышчаактыгын көрсөтүп, далын бастырган жок. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны финалга чыкты.


Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынады.


Махмудов Ережеповду эки упайлык көтөрүп чапканы, жеңишти алып келген ыкмасы болду. Эсеп 3:1, Акжол Махмудов Азиянын чемпион болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн