Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду

12.09.2022 06:26
478
Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду


Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду 

 11/09/22 23:57 520 кароо СПОРТ0

Бишкек, 10.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.


Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.


Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышты. Ал финалга чейин бразилиялык балбанды 11:1, мексикалык спортчуну 8:0, түркиялык спортчуну 9:7 жана кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген.


Финалда Акжол венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Күрөш башталары менен кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.


Акжол Махмудов буга чейин Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси жана Азиянын эки жолку чемпиону (2018, 2022-жылы) болгон.


Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн