Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов United World Wrestling уюмунун рейтингинде төртүнчү орунга түшүп калды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.
Махмудов өзүнүн салмагында (77 кг) аталган уюмдун рейтингинде экинчи саптан төртүнчү сапка түштү. Ага кыргызстандык спортчунун Дүйнө чемпионатына катышпаганы себеп болгон.
Ал эми тизменин сап башында Махмудовдун Токио Олимпиадасынын финалындагы атаандашы венгриялык Томас Лорен, андан кийин россиялык Роман Власов менен азербайжандык Санан Сулейманов турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн