Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Акжол Махмудов эл аралык рейтингдик мелдеште алтын үчүн күрөшөт

03.06.2022 13:23
2968
Акжол Махмудов эл аралык рейтингдик мелдеште алтын үчүн күрөшөт

Акжол Махмудов Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.


Акжол Махмудов 82 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгачкы атаандашы түркиялык Бурхан Акбудак болду. Күрөш башталганда Махмудов төрт упайга түркиялык балбанды көтөрүп чапты. Бирок Акбудак бир-экиден упай топтоп жатып Акжолго жетип алды. Жыйынтыгында эсеп 5:5 болгону менен, кыргыз балбанынын аракети үчүн жеңиш ага ооду.


Жарым финалда кыргыз балбаны грузиялык Торнике Дзамашвилини 4:1 эсебинде артта калтырып, финалга көтөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн