Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды

23.09.2023 10:15
470
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталды


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Махмудов норвегиялык, египеттик, өзбекстандык, япониялык балбандарды жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, дагы бир жолу мыктылыгын далилдеп, алтын медаль багындырды. Акжол Махмудов буга чейин Дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон. Былтыр сентябрь айында ушул эле Белград шаарында Дүйнө биринчилигинде чемпион аталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн