Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
77 килограмм салмактын финалдык беттешинде Акжол Махмудов менен Кайрат Түгөлбаев кез келди. Беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Акжол Махмудов акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн жеңүүчү аталды.
Муну менен Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта 2021-жылдагы өлкө чемпиону аталды. Учурда финалдык беттештер уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн