Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

13.02.2023 16:03
356
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү



 Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.


Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.


Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-18-сентябрда Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күчүн сынап, финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыккан. Ал атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти илип кеткен. Мындан улам Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу аталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн