Бугу 05, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго батир берилди

17.01.2022 15:36
1468
Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго батир берилди

Балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков белекке батир алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.


Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу жана аталган федерациясынын бюросунун мүчөсү Рустам Жон Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир берди.


Кыргызстандын күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов Акжол Махмудовго автоунаа, ал эми дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбековго бир бөлмөлүү батир тапшырды.


Ошондой эле Федерациянын бюросунун мүчөсү Тимур Пазылов грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Азат Эркимбаевге үй белек кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн