Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында жазгы эс алуулар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери айылдарды аралап, ата-энелер менен жолугушуп, өз балдарын, айрыкча мектеп бүтүрүүчүлөрүн катуу көзөмөлгө алып туруусун эскерткен. Ошондой эле учурда мектеп бүтүрүүчүлөрүн топтошуп алып жаратылышта эс алууга, автоунаалар менен шаар кыдырууга, ар түрдүү майрамдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынгандыгын укук органдарынын кызматкерлери эскерткен.
.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн